"Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инанды дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20 чамасында 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Окуяны тактоо үчүн милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инанды аттуу жарандын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Учурда ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилди. Издөө жана иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти Октябрь РИИБинен.
Орхан Инанды өлкөдөгү "Сапат" лицейлерин жана Ататүрк Ала-Тоо университетин негиздеген.