Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20 чамасында 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инанды аттуу жарандын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Буга байланыштуу бүгүн, 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын беришүүдө.
Маалымат жыйынга, аталган билим берүү мекемесинин вице-президенти Раина Асакеева, юрист Айсулуу Исманкулова, жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов, профессор Асан Ормушев катышууда.
Жактоочунун айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте тирүү кармап турушат, бирок бул маалымат тактала элек дейт.
"Биз тийиштүү органдарга арыз менен кайрылдык. Учурда укук коргоо органдары иш алып барып жатышат. Аны коркутуп жүргөндөр болушу мүмкүн. Унаасы табылды, ичинде ар кандай баалуу буюмдар бар экен, акча, документ жана башка. Буга байланыштуу алардын өз кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат. Болбосо баалуу нерселерди алып кетишмек да. Учурда ИИМ жана УКМК иш алып барып жатат. Жубайы, балдары күтүп жатышат. Бул жөнөкөй иш эмес, резонанстуу болуп жатат" ,- дейт ал.
Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны.