Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жактоочусу: "Аны Бишкекте кармап турат деген маалымат бар, бирок так эмес"

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

Буга байланыштуу бүгүн, 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүшүүдө.

Жыйындын катышуучуларына "Орхан Инандыны Түркияга уурдап кетти деген кептер айтылып жатат. Бул боюнча кандай ойлойсуздар?" деген суроо берилди.

Жактоочу Зоотбек Кудайбергенов алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте экендигин айтты.

"Орхан Инанды 15 жылдан бери Кыргыз жараны. Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес. Азыр алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте.

Көптөгөн варианттар айтылып жатат. Биз тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу азыр кандайдыр бир так маалымат бере албайбыз.

Ошол күнү айдоочусу жумуштан суранып, Инанды жалгыз болгонуна байланыштуу ушул иш болуп кетти. Аны Бишкекте кармап турат деген сыяктуу маалымат бар, бирок так эмес. Бизде өзүбүздүн дагы версиябыз жок. Эмне болуп кеткенин божомолдоого мүмкүнчүлүк жок. Уюлдук телефону дагы унаасында калган", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан