Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү сунушу кайра добушка коюлуп, колдоо тапты
Жыйындын жүрүшүнөн көрүнүш
Жыйындын жүрүшүнөн көрүнүш
Жыйындын жүрүшүнөн көрүнүш
Жыйындын жүрүшүнөн көрүнүш
Депутат Курманбек Осмонов("Ата-Журт")өз пикирин билдирүүдө
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев
Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча токтомдун 2-пунктунун 1-бөлүгүнө кайрадан добуш берүү болуп, колдоо тапты. Ага депутаттардын 69у макул, 8и каршы добуш беришти. Айта кетсек, аталган токтомдун 2-пунктунун 1-бөлүгү "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга чейин жеткирүүгө өкмөттү милдеттендирет. Буга чейин ЖКнын тийиштүү комитетинин токтомунун аталган пункту добушка коюлуп, колдоо таппай калган эле. Бир нече депутаттар адашып добуш берип алганын айтышып, токтомдун аталган пунктун кайрадан добушка коюуну суранышкан эле.
Автор: Автандил ДобулбековФото: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы