Бишкекте 82 миллион сомго №6 шаардык оорукананын жаңы имараты курулат

1-июнда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №6 шаардык клиникалык оорукананын жаңы имаратынын курулуп жаткан жерине капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курулуш толугу менен Катардын "QANAR CHARITY" кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланат. Курулуштун жалпы суммасы 82 миллион сом. Зарыл медициналык шаймандар менен, жер төлөсү бар 70 орундуу үч кабаттуу имарат куруу пландаштырылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, курулуш иштери 2022-жылдын аягында бүтөт.

"Министр Алымкадыр Бейшеналиев Катар мамлекетине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди:

"Бул Катар мамлекетинин саламаттыкты сактоо тутумуна көрсөткөн биринчи жардамы эмес. Өткөн жылы пандемия учурунда 50 миң долларга жеке коргонуу каражаттары түрүндө жардам көрсөтүлүп, 420 кычкылтек концентраторлору тапшырылган, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттар курулган. Мындан аркы жемиштүү кызматташтыгыбызга ишенем”, - деди өз сөзүндө саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Капсула салуу аземине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Катардын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, Катар кайрымдуулук уюмунун аткаруучу директору Юсеф бин Ахмед Аль-Кувари, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын медицина кызматкерлери жана №6 шаардык клиникалык ооруканасынын эмгек жамааты катышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан