Жогорку Кеңеште депутаттар өкмөт башчыны отставкага кетирүү же парламенттеги коалициялык көпчүлүктү таратуу керек дешүүдө. Депутат Бакыт Төрөбаев ушундай сунуш келтирди.
Ал эми Ахматбек Келдибеков өкмөт башчыга кайрылып: "Сиз "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүнү улантканыңыз менен эч качан үлүшүбүздү 67 пайыз кыла албайсыз. Анткени азыр колу-бутуңуз байлануу. Жигитче отставкага кетип калыңыз же укугуңузду пайдаланып парламентти таратуу демилгесин көтөрүңүз. Эгер андай кылбасаңыз аягында бул иш боюнча өзүңүз күнөөлүү болуп каласыз",- деди. "Ата Журт" фракциясы "Кумтөр" боюнча келишимдерден бир тараптуу чыгуу керек деген позицияны карманууда. Анткени ушундан кийин гана өкмөттүн пайызды 67 пайызга жеткиришине жол ачылат.