Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү реалдуу эмес экенин айтты. Айтымында, бул популисттик аракет. "Бардык нерсенин чеги болот да. Ар нерсени айта бербей маселени кабыргасынан коюш керек. Андан көрө "жолдош Сатыбалдиев, кетиңиз" деп эле айтканыңар жакшы эле",- деди Сатыбалдиев.
Ал эми депутат Исмаил Исаков өкмөт башчыны сынга алды. "Мен мурда эле айткам сизге кетип калыңыз деп. Сизге дагы ким айтыш керек, кетип калыңыз",- деди.