Аксыда аты менен кошо сууга түшүп кеткен 11 жаштагы баланы издөө иштери токтотулду

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала изделип жатканы кабарланган.

Анда 24-май күнү Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып 11 жаштагы бала Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Кечээ, 1-июнь күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМнын 5 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Саат 16:50дө издөө иштеринен натыйжа болбогонуна байланыштуу убактылуу токтотулду. Жоголгон баланын ата-энесинин ыраазычылык катынын негизинде издөө иштери токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан