Биз социалдык тармакта

Октябрь окуяларынын катышуучулары эски аянтка боз үй тигишти. Бирок милиция буга уруксат берген жок

Бүгүн, 2-июнда "Кыргыз Үмүтү" коомунун мүчөлөрү эски аянтта боз үй тигишти. Бирок Биринчи Май РИИБи боз үй тигүүгө уруксат беришкен жок. Бул тууралуу аталган коомдун төрагасы Саламат Алмазбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, бул коомду 2020-жылдагы октябрь окуяларында жабыр тарткан адамдар түзгөн. Алар мамлекет октябрь окуясында жабыр тарткандарга жардам берүүсүн талап кылып жатышат.

"Октябрда жөнөкөй жарандар тынчтык митингине чыкканбыз. Ортодо кагылышуу болуп кетип, канчалаган карапайым адамдар жабыркады. 20 жаштагы Үмүт каза болуп калды. Ал үчүн ким жооп берет? Канчалаган балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, оор иштерге жарабай калды. Ушуларга көңүл бурдуруу максатында эски аянтка боз үй тигели дегенбиз. Бирок милиция уруксат бербей койду. Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине балдарды кармап кетишти", - деп айтты ал.

Ал кармалгандар бошотулса, кайрадан аянтка чыгышарын кошумчалады.

Айта кетсек, "Кыргыз Үмүтү" коому өткөн жылы октябрь окуяларынын катышуучулары тарабынан түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond0202
2021-06-02 13:02:38
Боз уй тиккен митингчилер тойгоздунар.булардын артында башка бироолор турат оздорунун планы менен.
+6
make2
2021-06-02 13:52:30
Билимдуу, тажрыйбалуу, чечкиндуу, президент келмейинче бул бардак токтобойт, Жээнбеков Атамбаев менен алышып журуп кетти эле, бул каршы чыккандар менен алышып журуп отот окшойт
0
nazira...
2021-06-02 15:38:42
Тооба
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан