Биз социалдык тармакта

Убадалар удаа берилип, бирок сөз бойдон калып келген. Маршруттук таксинин айдоочуларынын 9 жылдан бери чечилбеген көйгөйү

Кечээ, 2-июнда Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай койду. Эртең менен жумушка шашкан эл аялдамаларда топтолуп, троллейбус, автобустарга жык-жыйма болуп барчу жерлерине жетип алды. Кайсы бири такси кызматын колдонушту. Ал аз келгенсип такси кызматы дагы тарифин жогорулатып, элди бир топ кыйын кырдаалга кептеди.

Аталган көйгөй дээрлик 9 жылдан бери, атап айтканда, 2012-жылдан тарта көтөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 2012-жылы гана жол кире 2 сомго кымбаттаган. Дээрлик 9 жылдан бери жол кире бир калыпта сакталып, көтөрүлгөн эмес.

Убадалар удаа берилип, бирок сөз бойдон калып келген. Алыс кетпей 2021-жылды эле мисалга алсак, 19-январда маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай койгон. Маселе өтө олуттуу экендигин түшүнгөн шаардык мэрия айдоочулар менен сүйлөшүп, аталган көйгөйдү май айында чечип берүүнү убадалаган. Тилекке каршы, июнь айы болуп калганына карабастан көйгөй чечилген эмес.

Шаардык мэриядан тарифтерди көтөрүү маселеси дароо чечилбестигин, буга мыйзам жол бербестигин айтышты.

"Январь айында маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганда жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал жумушчу топ ишин Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берди.

Мэрия өз жумушун аткарды. Шаардык кеңеш бул маселени карап бериши керек", - деди шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Ункуев.

Ошондой эле тариф маселесин кароо соңку шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан улам узарып кеткени кошумчаланды.

Январь айындагы айдоочулардын нааразычылык акциясынан кийин Бишкек шаарынын мэриясы жол кире тарифин өзгөртүүнү коомдук талкууга койгон. Анда жол кире көтөрүүнүн үч варианты камтылган:

автобус, троллейбус - 11 сом

маршруттук такси - 15 сом.

Үчүнчү вариантта автобус - 15 сом, троллейбус - 11 сом, маршруттук такси - 19 сом.

Бишкек шаардык мэриясы экинчи вариантка токтолуп, экинчи варианттын токтомунун долбоорун шаардык кеңешке сунушталары айтылган.

Эске салсак, 2014-жылы 28-июлда Бишкектеги кичи маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу иш ташташып, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты. 30-июлда маршруттук таксилердин айдоочуларынын көпчүлүгү жумушка чыгышкан.

Ал эми шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов аталган көйгөйдү сентябрь айында чечип берүүнү убадалады.

Айта кетсек, жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки 21:00дөн кийин 12 сомдон төлөп келишет. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн 8 сомдон төлөп келишет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kyrgyz_bloger
2021-06-02 19:37:48
Кече эле президенттик шайлоодо эки тизгин бир чылбырды бир адамга берели,баарына бир адам жооп берсин дешти эле кобу кана жооп бергени,маршрутниктерге созу отпойбу.
-5
Mr.altynbek
2021-06-02 19:54:35
Kyrgyz_bloger,сен не иш кыласын айлыгын 7 жылдан бери которулбодубу? Же соода кылсан 7 жылдан бери бааны озгортподунбу? Бираз уялайлы туугандар....
Аларды созундо дагы чындык бар чонтогунордон 500 сом ашыкча кетет чын менден да бирок бизда 1014-жылда жашабайтабыз бул акыйкат
+1
Kyrgyz_bloger
2021-06-02 20:42:41
Mr.altynbek,айлык эч кандай которулгон жок,мени айтпа жалпы элди кара,кунуно 400-500 сомго иштегендер деле толтура,пересадка кылгандар ото коп акча коротушат жол кире кобойсо.
+7
Mr.altynbek
2021-06-02 21:45:15
Kyrgyz_bloger, сен дагы элдин бирисинда мендей эле жалган айтпа баардык нерсе кымбаттады эчелеп,неге дол акы которулбосун? Сее оз совестин мн айт 2014 бери бирдей акча алып атасынбы? (Эгер интернетте комент жазгандан дагы башка иш кылсан билесин баары которулуп жатканын)
-3
Abdyrashit.Satylganov
2021-06-03 15:45:46
Mr.altynbek, Биринчиден тарифти көтөрүү мыйзамдуу болушу керек, экинчиден жол акыны көтөрүү үчүн, жүргүнчүлөргө ошондой шарт түзүп берүү керек, маршруттук таксидердин көбү мыйзамды одно бузушат. Жолдо кубалашып кооптуу жагдайларды келтиришет. Үчүнчүдөн шаардагы каттамдарды жүргүзгөн менчик компаниялар, ошолордон айлык акыны көтөрүүнү сурашсын. Жүргүнчүлөргө эң алгач 15 сомдук шарт түзүлсүн. Жол акы маянанын өлчөмү менен чечилет. Орточо эсеп 12 сомдон ашпашы керек.
+2
Taalaibek.
2021-06-02 20:03:48
Жол киренин акысын которунун кажети жок. Болгону куйучу майдын баасын томондотуш керек. Тескерисинче жол киренин баасын томондотуш керек жана куйучу майдын дагы баасын томондотуш керек. Ошондо маселе чечилет!
+2
mika020495
2021-06-02 20:04:52
Кичине которуш керек баардык нерсе кымбаттады
-5
Mister-XXX
2021-06-02 20:26:35
Туура эле,баардык нерсе которулуп жатат.
-5
Belek1710
2021-06-03 15:07:41
көтөрүш керек туура эле, туалеттин баасы деле көтөрүлсө керек 9 жылда, күйүүчү майга деле тиешеси жок.
-5
Aibek_eka
2021-06-03 15:07:50
Ушунча болду машуртарды жок кылып автобус койгула пропка азайып абанын булганышыда томондойт
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан