24-октябрда Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Муну "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Кубинская, Каракум, Серпуховская, Месарош, Ильменская, Манас, Кара-Коо, Миң-Куш көчөлөрүндө, Малдыбаев көчөсүндөгү №16, 20-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы болбойт.

Ушул эле аралыкта Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй, Луговая, Константиновка айылдарында, Жайыл районунун Алексеевка, Сокулук районунун Асылбаш айылдарына электр жарыгын берүү чектелет. Бул өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан