Кыргызстан менен Өзбекстандын вице-премьерлери ноябрда чек ара маселелери боюнча жолугушуу өткөрөт

Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов ноябрь айында Өзбекстандын вице-премьери менен жолугушат. Бул тууралуу Т.Мамытов 22-23-октябрда Жалал-Абад облусуна  макулдашылган жана макулдашылбаган чек ара бөлүктөрүнүн маселелери боюнча барган сапарында аталган облустун жашоочуларына билдирди. Мамытовдун сөзүнө караганда жолугушуу жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы курч маселелер талкууланат. "Биз биздеги болгон курч маселелерди алып чыгабыз, бирок иш узакка созулуусу мүмкүн, айталы 1 жылдан ашык. Кандай болгон күндө да сүйлөшүүлөр, талкуулар жүрөт",-деп кошумчалайт вице-премьер.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан