Ош.Гүлчө айылынын тургунунун 1 тонна чөбү күйүп кетти
Кечээ, 23-октябрда Ош облусунун Алай
районунун Гүлчө айылынын тургуну Т. Тагаевдин короосунда жыйылып турган 1 тонна
чөбү күйгөн. Учурда келтирилген чыгым боюнча иликтөө иштери жүрүп
жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.