Кыргыз-тажик чек арасындагы дагы бир куралдуу кагылышуудан качуу кыйын. Бул тууралуу Орусиянын "Аргументы и факты" басылмасы жазып чыкты.
Билдирүүдө айтылгандай, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Өрүк кыргыны", "Сөгүштүк, таркап кеттик", "Орустарга жашаганы кетебиз" деген үч бөлүктө чагылдырылган. Анда "3 миллион качкынды күткүлө". Кыргыздар менен тажиктердин согушу Орусияга кандай коркунуч жаратат?" деген аталышта көлөмдүү материал жарыяланды.
Эң кызыгы, орусиялык басылма чек арада кайрадан чыр чыгарын жазган.
"Мурдагы мамилени эми калыбына келтире албайт. Кыргыздар тажиктердин үйүнө жакын басып барышпайт, кошуналары менен сүйлөшпөйт. Мага бардык жерде чоң согуштун алдындагы ок дары жыттанды. “АиФке” аталган өлкөлөрдүн бириндеги орусиялык дипломатиялык булагыбыз билдиргендей, эки тараптан тең акырындык менен оор техникалар тартылууда, мындан улам оор аскердик аракеттерден кача албагандай туюлду. Кыргыз өлкөсү бул окуяга намыстанып калды жана "жооп берүүгө" чаңкап турат, ал эми Тажикстандын бийлиги “кичинекей жеңиштик согуш” менен өздөрүнүн абалын жакшыртууга каршы эмес", - деп жазган орусиялык басылма.
Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча 36 жаран каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырдан улам келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдаган.