Маршруттук таксинин айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери шаар тургундарын өз унаалары менен дагы ташууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, муниципалитеттин кызматкерлери №214 каттам менен жүрүүдө. Бардык унааларда маршруту жазылган белгилер илинген.
"Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Сиздер дагы четте калбай, жеке транспорту жок адамдарга көздөгөн жерине жетүүгө жардам берүүңүздөрдү суранабыз!", - деп жазылат билдирүүдө.
2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Алар 3-июнда дагы каттамга чыкпай, учурда калаада троллейбус жана автобустар гана иш алып барууда.