Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан калктын саны 2013-жылдын 1-сентябрына карата 5 миллион 736 миң адамды түздү. Көрсөткүч январь-август айларында 73 миң адамга же 1,3 пайызга көбөйгөн. Жогорку көрсөткүчтөр Бишкек шаары, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалган 1,4 - 1,5 пайыз. Андан кийин Талас, Чүй облустары жана Ош шаарында (1 - 1,2 пайыз) болсо, эң аз көрсөткүч Ысык-Көл жана Нарын облустарында 0,8 пайыз экени белгилүү болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң адамга же 2 пайызга көбөйгөн (2012-жылы калктын саны сентябрга карата 5 миллион 626 миң адамды түзгөн). Калктын санынын өсүү тепмине карасак, 2014-жылдын башында элдин саны 5 миллион 800 миң адамга жетиши мүмкүн.