Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июндан 4-июнга караган түнү саат 00:13 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде батирдин ички жасалгасы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

"Өрттөн батирдин жашоочусу, тагыраагы эркек киши күйүк алып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берилген. Мындан сырткары 2 адам өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан куткарылып, коопсуз жерге чыгарылган. Өрттү өчүрүүгө ӨКБдан бир бөлүм тартылып, саат 00:35те чектөөгө алынып, саат 00:45те толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан