Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков Кыргызстандагы сотторду аттестациядан өткөрүүнү сунуштады. Учурда соттор кызматка коррупциялык схема аркылуу келип жатышат деген депутат: "Сотторду шайлоо боюнча кеңешке талапкерлер коррупциялык жол менен сунушталып жатат. Муну кеңеш эки жолу соттогон адамды шайлап алган чечимден улам көрүп жатабыз. Аттестация жүргүзүү керек. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Соттор кеңеши анализ жүргүзүшсүн. Азыркы тапта адилетсиз соттордун айынан жарандарыбыз жапа чегүүдө. Кимдир бирөөнү акча үчүн камаса, кимдир бирөөнү ошол эле акчанын айынан актап жатышат",- деди ал. Мындан сырткары соттордун айынан түрмөгө түшкөн бейкүнөө адамдарды бошотуу боюнча мыйзамды колдоону сунуштады.