Биз социалдык тармакта

ӨКМ Кичи-Алайда кырсыктаган тик учак тууралуу маалымат таратты

Кичи-Алай айылына жакын жерде авариялык конуу жасаган тик учакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 14 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.

"Бүгүн, 4-июнь күнү саат 13:48 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай айылында болжол менен Ак-Буура дарыясынын баш жагында (Арча-Бешик жайлоосу) тик учак кулап түштү деген маалымат түшкөн. Тик учактын ичинде болжол менен 10 адам болгон. Жерине тактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана саат 14:40та ӨКМнын РӨКОнан 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Буга чейин Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин тик учагы кулап түшкөнү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shankol88
2021-06-04 18:11:29
Эскилиги жетип калган окшойт...
Кыргызыстан бойунча канча тик учак барекен?
+2
souza.j
2021-06-04 18:51:21
shankol88,бироо болчу
-2
akskg
2021-06-04 19:09:36
Кичи-Алай(Ноокат районуна караштуу аймак), Араванга жылып кеткен турбайбы
-3
taku88
2021-06-04 19:47:32
akskg, Баткенге Озгонду кошуп койгонбуз гоо...
-1
aikaademi
2021-06-04 20:01:11
akskg,мурда эле Араванга карачу эле
-1
Dembele84
2021-06-04 20:53:30
Кресло талашып журуп,мындай аскер техникаларын ондоого жаныртууга эч бир президент конул бурган эмес,итогу ушундай нерселер менен коштолуп жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан