Ажылык сапарда каза болгон 4 кыргызстандыктын аты-жөнү белгилүү болду
Быйылкы ажылык сапарда жалпысынан 3 685 зыяратчы аттанган жана учурда алар Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Зыяратчылардын ичинен 4 адам Мекке шаарында каза болуп, туугандарынын уруксаты менен алардын сөөктөрү Меккеде жерге берилди.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Каза болгон зыяратчылардын тизмеси:1. Куранбаев Санат – 1938-жылы туулган, Ош облусунун Араван районунан;2. Алимкулов Мухтарали – 1938-жылы туулган, Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынан;3. Пирматова Махудахан – 1951-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан;4. Мамадалиева Ихтибар – 1932-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Маасы айыл өкмөтүнөн.