Таласта 18 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү: Кылмышка шектүү бала асынган абалда табылды

Буга чейин Таласта 18 жаштагы кыздын сөөгү унаадан табылганы маалым болгон. Окуя Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Ал жерде токтоп турган унаанын ичинен кыздын болжолдуу ок атуучу куралдан алган жаракаты менен жансыз денеси табылган.

Кыздын өлүмүнө шектүү жаран асынган абалда табылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, изделип жаткан шектүү жаран бүгүн, 5-июнда эртең менен асынган абалда табылган. Облустук милициянын басма сөз кызматынан толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rahim76
2021-06-05 11:19:32
О кудай эмне болуп атасынар.кыргыздар.Кундо авто кырсык,асынып алыптыр,сууга чогуп каза болуптур деп эле угасын.Алдыгп мекенибиз учун ,эл азайбасын деп, кобойгуло кыргыздар,Россиядагыдай торогон аялдарга премия , берип уюштурса.бул менин жеке оюм
+3
Dembele84
2021-06-05 17:47:54
Кээ бир болунгон иттер озуно келээр ушуну окуп,только Оштуктар ушундай ишке барат деген кок мээлер!
+1
nazira...
2021-06-05 17:51:13
Dembele84,кой андай дебе, беш кол тен эмес. Кудайым сактасын балекеттин баарынан.
+1
Asmat84
2021-06-06 01:10:19
Бир жакшына кабар окуйбузбу деги...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан