Токон Мамытов: «Жыйырма жылдан бери бир сантиметр жер Өзбекстанга өткөн жок»

«Эгемендүүлүк алган жыйырма жылдан бери бир да сантиметр жер Өзбекстанга берилген жок. Жалал-Абад облусунда Өзбекстан менен тактала элек 714 миң 770 метр жер бар»,- деди КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер, министри Токон Мамытов бүгүн, 24-октябрда. Анын айтымында, 2006-жылдан бери бир метр да чек ара такталган эмес. Учурда аймакта 27 жерде 52,7 чакырым тилке тактала элек.

Эске салсак, вице-премьер-министрдин социалдык көйгөйлөр жана чек ара маселелери менен таанышуу максатындагы иш сапары 22-октябрда башталган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан