Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев: "Тажикстан менен кабыл алынган протоколдор 2 сааттын ичинде элге жарыяланат"

Коңшу Тажикстан менен чек ара боюнча кабыл алынган протоколдор 2 сааттын ичинде элге жарыяланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

"Биз сүйлөшүп, келишим түзүп, чогуу протокол кабыл алдык. Кабыл алынган протоколду бир-эки сааттын ичинде коомчулукка жарыялайбыз. Коомчулук барын угат, көрөт. Ал жерде 7-8 пункттан турган келишим бар. Мындан ары кабыл алынган келишимдин негизинде иш жүргүзөбүз деген ойдомун", - деди Ташиев.

Бүгүн, 5-июнда Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жолугушту. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2021-06-05 18:09:09
Контейнер калдыбы анда ошол койулган жерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан