Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытовдун 24-октябрда Жалал-Абад облусундагы чек ара маселелери менен таанышып, бир катар мекемелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоодо жайгашкан станциянын жетекчиси Ажибек Урустемов акыркы эки жылда Өзбекстандын чек арачылары тарабынан станция боюнча 3 жолу маселе жарлаганын билдирди. «Алар 2011-жылы алгачкы ирет 12 чек арачы Унгар-Тоого келип, жумушчулардын документтерин текшерип, суракка алышкан. Бир жылдан кийин аймак Өзбекстанга тиешелүү экендигин айтып дагы келишкен. Ушул жылдын 22-сентябрында 60 куралчан чек арачылар келди»,- деди ал. Анын айтымында, ал кайрадан кезек алмашканы келгенде аны станцияга киргизишкен эмес. Урустемов ал учурда коңшу өлкөнүн аскерлери өз желегин Унгар-Тоого сайып, чатырларын орнотуп алышканын кошумчалады. Кербен шаарындагы аталган тоодогу станция аркылуу өлкөнүн түштүк аймагына Орусиянын "Биринчи каналы", РТР, КТРК, ЭлТР, ЖТР жана Кыргызстандын беш радиосу уктурулат.