Вице-премьер-министр Токон Мамытов Аксыда Дейрес айылында эл менен жолугушту
Кечээ,
23-октябрда вице-премьер-министр Токон Мамытов Жалал-Абад облусунун Аксы,
Ала-Бука, Чаткал райондоруна болгон иш сапарында Аксынын Дейрес айылында эл
менен жолугушту. Дейрестиктер айылда таза суу, сугат суу маселелери боюнча
арызданышты. Алардын айтымында 20 чакырым жерге барып таза суу ташып келишет.
Айылдыктар жердин тузун арылтуучу атайын каналдар толуп, жер шор басып баратканын жана аны кургатып,
каналдарды тазалоо үчүн өкмөт каражат жагынан жардам берүүсүн өтүнүштү. Эске
салсак, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Дейрестеги чек арачылар эки Өзбекстандын
чек арачысын чек араны мыйзамсыз бузгандыгы үчүн атышкан.