Депутаттар Токтогул райондук ооруканасынын абалы оор экенин айтышты

Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутаттар Токтогул районундагы оорукананын абалына өкмөттүн көңүлүн буруу зарыл экенин айтып чыгышты. Депутат Надира Нарматова аталган райондун борбордук ооруканасында эч кандай шарт жок экенин билдирди. "Ош-Бишкек жолу кандуу жол болуп калды. Токтогул районунун аймагында автокырсыктар көп болот, бирок Бишкек да, Ош да алыс болгондуктан райондук ооруканага кайрылышат. Бирок анда эч кандай шарт жок. Ал тургай жаракат алгандарга бере турган даяр кан жок экен ал жерде",- деди депутат. Бул көйгөйдү карап чыгуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө тапшырылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан