Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 66 жаш курагында дүйнө салды. Ал сатиралары аркылуу элди күлкүгө салып, кээде ойго батырчу. Куудулдун буга чейинки берген маектеринин топтомун сунуштайбыз.
Куудул Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында туулган.
"Жамгыр аябай жаап жатканда төрөлгөн экенмин. Үйдөгүлөр атымды Жамгырчы коёбуз дешкенде азан чакырганы келген молдоке Рахманжан деген ысым ыйгарыптыр. Өңүм капкара болгонунан мени кара баатыр деп коюшчу. Эжемдер "тил алчаак, ар кимдин ою менен болуп жүрө берчүсүң" деп айтып калышат", - деп балалыгын эскерген. Маекти толугу менен бул шилтемеден окуй аласыз.
Рахман Разыков 6 бир тууган болгон. Куудул маектеринин биринде атасы ыр жазган, куудул киши болгонун айтып берген.
"Атам барган жеринде элдин баарын күлдүргөн, таң аткыча уктатпаган адам эле. Атам кээде кайрыктарды таппай же уйкаштыра албай жатса апам улап берчү. Ошондо атам "сен окуп калганыңда бирдеме чыкмак эле" деп күлүп калчу. Апам сабаты жоюлбаган, бала менен үйдө отурган аял болгону менен, дайыма атамдын оорун колдон, жеңилин жерден алып турчу", - деп айткан.
Куудулдун ата-энеси, бир туугандары тууралуу маегин бул жактан окуңуз.
Саясий окуялар тууралуу сатира жазып, депутаттарды көп сындап келгени белгилүү. Мындан улам "кара тизмеге" кирип, концерт коюуда тоскоолдуктар жаралганын да айткан. Буга чейин Оштогу "Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан" деген концертинен улам УКМКнын аталган аймактагы башкармалыгына чакырылган.
Бул тууралуу ал "Сатира - бул коомдун ооруп жаткан жерин көрсөтүп турчу курал. Бүгүнкү күндө биздин оорукчан жерибиз саясат болуп жатат. Ошон үчүн сындардын көбү ошол тарапка айтылууда. Биздин саясатта маселе жок, элибиз жыргап жашап жатса деле бийликке сын айта берсем, "Рахман, келесоо болдуңбу, койчу айланайын" демек. Көрүүчүлөр концерттерибизге эмнеге көп келет? Анткени ошол сынды укканга муктаж", - деп айтканы бар.
Куудул "Таң жылдызы" “Бешилик”, “Беш кемпир", “Беш тапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеп, жалпы 50-60ка жакын куудулдарды тарбиялап чыгарган. Ал куудулдар театрын ачуу максаты бар экенин айтчу.
Рахман Разыковдун 6 баласы бар. Жубайы Диля Разыкова буга чейинки берген маектеринин биринде балдарына жакшы ата экенин айтканы бар.
"Эл арасында "Рахмандын көп аялы бар" деп айтылып жүрөт. Чындыгында, мен үчүнчү никесимин. Эми турмушта өйдө-ылдый боло берет эмеспи, мен аны түшүнүү менен кабыл алгам. Балдар менен катышып турабыз, үчөө теӊ үйлүү-жайлуу болуп, турмушта өз ордуларын таап кетишти. Рахман майрамдарда унутпай куттуктайт. Кайда жүрбөсүн эртең менен кандай жатып, турдуң?" деп чалып сурап турат", - деп айтканы бар.
Рахман Разыковдун жубайынын маегин бул шилтемеден окуңуз.