Коронавируска каршы күрөшүүдө каза болгон медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Жылдыз Бакашова белгилегендей, кооптуу инфекция менен күрөшүүдө өмүрүн берген медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу асыл кесиптин өзгөчө маанилүүлүгүн гана билдирбестен алардын өмүрү үчүн мамлекеттик органдардын жогорку жоопкерчилигин билдирет.

"Өлкө үчүн оңой эмес учурда биздин дарыгерлер кесипке берилгендигин билдирип, өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен адамдарга жардам колун сунуп, баатырдыгын көрсөттү. Биз алардын эрдигин эсибизде сактайбыз, бирок келечек муун эпидемиологиялык абал кандай баа менен турукташтырылгандыгын билүүсү үчүн алардын элесин түбөлүккө калтыруубуз керек", - деди ал.

Андан соң эстеликти орнотуунун демилгечиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов тарабынан скульптуранын макети сунушталды, анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин образы чагылдырылган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык мэриясына эстелик орнотулуучу орунду аныктоосу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бир жумалык мөөнөттө президенттин администрациясына Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Конституциясын эске алуу менен көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын ишин жөнгө салуучу министрлер кабинетинин чечимин киргизүүсү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан