24-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 892 миллион метр кубду түздү
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2013-жылдын 24-октябрына карата 15 миллиард 892 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКынын басма сөз кызматынан билдиришти. Өткөн жылы суу сактагычтагы суунун көлөмү 17 миллиард 377 миллион метр кубду түзгөн. Токтогул суу сактагычына кирген суунун агымы секундасына 195 метр кубду түзсө, өткөн жылы ушул күнү секундасына 181 метр кубду түзгөн. Ал эми суунун агып чыгышы секундасына 343 метр кубду түздү. Өткөн жылы көрсөткүч секундасына 368 метр кубду түзгөн.