Бишкектин мэриясы эмен бактарын чапталма тузактар менен сактап калууда

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмен бактарын зыянкечтерден чапталма тузактар менен коргоодо. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чапталма тузактар Манас кең көчөсүндө, Эркиндик бульварында, Дубовый сейил багында, Панфилов, Тоголок Молдо көчөлөрүндө, Чүй кең көчөсүндө жана Жаш Гвардия бульварында таарычыл зыянкечинен зыян тарткан эмен бактарына илинген.

"Бул тузактар зыянкечтерди атайын өңү менен өздөрүнө тартып алат. Тузактар колдонууда абдан жөнөкөй жана эң маанилүүсү экологиялык жактан таза. Учурда чапталма тузактар жакшы натыйжа берүүдө жана өзүнө көп зыянкечтерди тартып алууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан