Ош. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги социалдык роликтерди тартат
Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги социалдык роликтерди тартууну пландаштырууда. Аталган агенттиктин кызматкери Нургазы Каримовдун айтымында, тасма маршруттук каттамдардагы алдын ала жол акы төлөө, айдоочулардын маршруттарды аялдамаларга токтотуусу жана коомдук транспорттордогу окуучулардын улууларга орун бошотуусу тууралуу тартылат. "Даяр болгон роликтер жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилет",- дейт Нургазы Каримов.