Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков, түрмөлөрдө отургандар үчүн кезектеги амнистияны жарыялоону сунуштады. Түрмөлөрдө отургандар чектен ашып кеткенин айткан депутат:
"Түрмөдө отургандарга эч ким ревизия жүргүзбөйт. Көптөгөн адамдар сатылма соттордун адилетсиз чечими менен отурушат. 2-3 жылдан бери амнистия жарыялана элек. Ревизия жүргүзүүдөн кийин кезектеги амнистияны жарыялоого болот",- деди Салымбеков. Ал Соттор кеңешинин аракеттерин да карап чыгыш керектигин белгиледи. Судьялар коррупциялык жолдор менен тандалып жаткандыктан, адилетсиз чечимдер чыгып жатканын кошумчалады депутат.