СУПЕРСТАН: "Кайнатамдын каргышы..."

Суперстандын "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Кайнатамдын каргышы..." деген аталыштагы окуя жарыяланган.

Автордон: - Сен ушуну көрмөксүң! - деп урушуп кирди ыйлап жаткан Кларанын энеси.

- Тилиңден бирди көрөсүң го деп дайым айтчу элем. Мен айткандай эле болду. Жакшынакай күйөөң, үстүңдө заңгыраган чоң үйүң, оокат-кечен, малың, уулуң бар эле. Каяктагы карыган кайнатаңа теңелип, көзүңдү май басып, көөп, эми минтип ажырашып, бышактап ыйлап отурасың! Мен башында эле какшап айтпадым беле, кайнатаңды сыйла деп. Мына, Рахман өзү келип, сени менен жашабайм, катуу көңүлүм калды деп отурат. Эми сен уулуң менен каякка барасың? Тийбе деген биздин сөзүбүздү укпай тийип алдың эле Рахманга. Анын жакшынакай үй-бүлөсүн бузуп, аялын кетирип! Эми эмне болдуң жыргап кеттиңби? Мына сен да ошол аялдай эле ажырашканы турасың деген энеси Клараны урушуп жатты.

- Мен чын эле Рахман, кайнатам менен бекер урушуптурмун. Көрсө ырыскымды тепкен экенмин. Эми эмне кылам? - деди көзүнүн жашын агызган Клара энесин карап.

- Эмне кылмак элең? Күйөөңө бар. Үйдөн эч жакка чыкпайм деп кетпей кой деди агасы.

- Чын эле кетпей койсом эмне кылышат экен? Эмне үчүн мен балам менен көчөдө калышым керек да, Рахман үйүндө каргыш тийген какбаш атасы экөө жыргап жатышы керек! Жок, мен кетпейм, дагы анча-мынча күтөм, эгерде келбесе өзүм барам да кетпей, чыкпай коём! - деп Клара кекене сүйлөндү.

- Өзүң бил, бирок, Клара, жакшылап угуп кой, Рахман менен ажырашсам жыргап кетем деп ойлобо. Андан артык күйөөнү таппайсың! - деген энеси кызына акыл, кеңешин айтып жатты..."

Толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан