КРнын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев "Чыңгыз Айтматов" аталышындагы китепти жарыкка чыгарды. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирет.Китеп 3 тилде: англис, немец, француз тилинде жарык көрдү. Китепте Ч.Айтматов жеке адам, жазуучу катары жана анын дүйнөлүк адабияттагы орду тууралуу айтылат. Ошондой эле китепте анын коомдук жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу да баяндалат. Мындан тышкары автор жазуучунун "Кассандранын эн тамгасы", "Чыңгызхандын ак булуту", "Тоолор кулаганда" чыгармалары тууралуу өз ой-пикирин билдирет.