Кечээ, 23-октябрда вице-премьер-министр Камила Талиева бир катар министрликтин жана мекемелердин жетекчилери менен Ооганстанда (Чоң жана Кичи Памирде) жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам чогултуу жана жеткирүү жаатында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлайт. Учурда Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирде 1 миң 200гө жакын этникалык кыргыздар жашаары белгиленүүдө. Министрлик мекемелерге азык-түлүк жана эң керектүү делген товарлар түрүндөгү гуманитардык жардам чогултуу жана жеткирүү жаатында керектүү тапшырмалар берилди.