Кыргызстан БУУнун кезектеги конвенциясына кошулат

Кыргызстан орун которуштурган жапайы жаныбарларды сактоо боюнча БУУнун кезектеги конвенциясына кошулат. Муну парламенттин 24-октябрдагы жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Сабир Атажанов айтты. Ал билдиргендей, бул конвенцияга Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан кошулган. Кыргызстан конвенцияга кошулса, жаныбарларды коргоо үчүн атайын фонддун каражаттарынан колдонууга укук алат экен. Атажанов өнүккөн өлкөлөр үчүн мүчөлүк төлөм жылына 100 еврого чейин жете турганын айтты.  

Ал эми депутат Исмаил Исаков "Азыр 100 евро экен, 5 жылдан кийин эки эсе көбөйүшү мүмкүн. Башкача айтканда, бул баңгизат сыяктуу болуп калат. Башында аз акча төлөгөнүбүз менен кийин ал өсүшү мүмкүн",- деди. Буга агенттиктин башчысы "Конвенциядан каалаган учурда чыгып кетсек болот",- деген жооп узатты. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан