Бишкек шаардык мэриясынын "Бишкек жарык" ишканасы Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверге жарык орнотту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 180 метр линияга 18 даана жарык диоддуу чырак коюлду.
Эске салсак, буга чейин скверде оңдоо иштери жүргүзүлүп, отургучтар, балдар аянтчасы, таштанды челектери, фонтандар сырдалган. Чөптөр орулуп, жашыл тосмолор кыркылып, эски таман таштар алмаштырылган.
Фонтан да иретке келтирилип, сырдалып, оңдолуп, ишке киргизилген.