Орусияда полиция кызматкерлери уурдап кеткендиги айтылган Кыргыз жараны бошотулду

Москвада кыргыз кызынын укук коргоочулар тарабынан уурдалгандыгы жана болжолдуу түрдө физикалык күч колдонулгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги кыз бошотулганын айтып, окуя боюнча буларга токтолду.
"2-июнда болжол менен саат 10.00дө элчиликтин консулдук бөлүмүнө 1988-жылы туулган Кыргыз жараны М.А. кайрылган. Ал Москванын Хамовники районунун ички штер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгы жана токмоктолгондугу жөнүндө маалымдаган.
Айтылган кабар боюнча полиция кызматкери менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, Кыргыз жараны анти-террор полициялык иш-чарасынын жүрүшүндө кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду. Кыргыз жаранына карата Орусиянын административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 19.15.1-беренесине ылайык токтом түзүлүп, кийин коё берилген.
Учурда М.А.га карата анын кармалуусу боюнча жагдайды аныктоо максатында Москванын Хамовники району боюнча полиция бөлүмүнө суроо-талап жиберилди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан