Ырчы Асел Кадырбекова дарылануу үчүн Түркияга жөнөп кетти. Ал Анталиядагы клиникалардын биринде дарылана турганы өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Апам, кызым болуп Анталияга келдик. Мен бул жактагы клиникалардын биринде дарыланам", - деди ал.
Ырчы буга чейин Түркия мамлекетине барып, дарыланып кайткан.
Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылганына дээрлик бир жылга жакын убакыт өттү.
Окуянын чоо-жайы:
26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.
Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган. Иш өндүрүштөн кыскартылган.