Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн дипломаттарын кесиптик майрамы менен куттуктады
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы
менен куттуктады. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.“Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын
кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык
кызматкеринин күнү менен куттуктайм! Эгемендүүлүк жылдары дипломатиялык кызмат калыптануунун татаал жолун басып өттү.
Бирок бардык кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, зор тажрыйба топтоп,
натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү кесипкөй кадрлар даярдалды",- деди президент. Мындан сырткары чет мамлекеттер менен мамилени жакшы жолго коюу, өнөктөштөр менен бирдикте
экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык уюмдарда Кыргызстандын
позициясын бекемдөө дипломатия кызматкерлеринин ишмердигине байланыштуу экенин белгилеп өттү. "Акыркы жылдары бир топ иштер жасалды. Кыргызстан ЖККУ, ШКУ жана Түрк тилдүү
мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши сыяктуу бир катар эл аралык уюмдарда төрагалык
кылды. Бирок эң башкысы – өткөн жылдары биз өз улуттук кызыкчылыктарыбызды
коргогонго, кыргызстандыктардын кийинки муундарынын кызыкчылыгында иш алып
барганга үйрөндүк. Бүгүн биз ушул ыргактан жазбай, ишти андан ары улантып кетүүгө милдеттүүбүз. Экономикалык
дипломатияны илгерилетүү, чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын жана
кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин жакшыртуу боюнча көп иш жүргүзүүгө
тийишпиз. Бардыгыңыздарга чың ден соолук жана бакубат турмуш каалайм! Кыргызстаныбыз тилектеш мамлекеттер менен бирдикте тынчтыкта жана ынтымакта гүлдөп өнүгө
берсин!" дейт Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүндө.