27-28-октябрь күндөрү Кыргызстандын аймактарында жагдайсыз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө карга айланышы мүмкүн, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы дыйканчылык аймактарда, пахта себүүчү аймактардан тышкары, түнкүсүн 0…-5 градус үшүк жүрөт, күндүз абанын температурасы өрөөндөрдө +1,+ 6 градус жылуулукка чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайынын өзгөрүшү казылып алынган жана жабылбаган картошкага жана кант кызылчасына коркунучту алып келет.