Сүрдөдүбү же... Садыр Жапаровдун Түркияда килемден өтүп жатып адашканы талкууга алынды

Бүгүн, 9-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду.
Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин сарайына келди. Садыр Жапаровду Режеп Тайип Эрдоган тосуп алып, мамлекет башчылар учурашкан соң, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, өлкө лидерлери тизилип турган ардактуу кароолду бойлой басышты. Килемден өтүп бара жаткан президенттер токтоп, кароолдун командирине (аркада келе жаткан) бурулушу керек болгон. Бул учурда Эрдоган кароолго, ал эми Садыр Жапаров Түрк өкмөт мүчөлөрү тарапка бурулган.
Кароолдун кайрылуусунан кийин Садыр Жапаров президенттин сарайына бет алган. Бул учурда түрк лидери Жапаровго өкмөт мүчөлөрү тарапка бурулууну көрсөтөт. Өлкө лидеринин жолугушуу учурундагы кетирген кемчиликтери эл арасында "алдын ала протокол менен таанышып албаптыр" деп дароо сынга алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
NURSAPAR
2021-06-09 23:14:21
Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт
+17
Ale
2021-06-09 23:14:27
Не болуптур эч теке эмес Ажобузга ийгилик
+15
Dastanali
2021-06-09 23:14:49
Жакшы эле көрүнүш, майдалана бербей, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу
+19
emirchik
2021-06-09 23:20:16
Нормально
+14
Dftyhbv
2021-06-09 23:29:59
Ким адашпасын биз Садыр байке мн
+13
Kari
2021-06-09 23:42:03
Адашкандын айыбы жок,мамлекетке зыяны тийбесе
+13
Kuban-1207
2021-06-09 23:57:25
Алга Садыр көрө албагандар кепшей берет
+12
amirrus
2021-06-10 00:35:01
Нечего смешного обычный формат
+9
bema_bema
2021-06-10 01:52:00
Эч нерсе эмес,эч ким Президент болуп торолгон эмес
+8
Nuri1988Elim2010
2021-06-10 08:19:27
Ушакчыларга дабаа жок
+6
Mirzita81
2021-06-10 13:10:20
Иттер уро берет кербен журо берет ишинизди илгерите берин С Нургожоевич
+5
Invests
2021-06-10 13:51:53
Сабатсыз президент
-6
Aidan_Ek
2021-06-10 16:33:00
Зонтиктери окшош го
0
AykaMer
2021-06-10 19:30:04
Оа... Бул дүйнөдө адашбаган жалгыз Аллах... Калганыбыз пендебиз сөзсүз адашабыз, сүрдөйбүз. Антпесе сабак алалбайбыз да жашоодон... Бул нерсени эмне мынча сындашты түшүнбөйм,как будто эч качан адашпагандай сындашып.
0
Guli-85
2021-06-10 19:45:36
Карапайым үй бүлөдөгү адам да ошон үчүн адашып жатат. Карапайым эл үчүн жаңылбай иштеп Кыргызстанды гүлдөтсө ошол эсеп бизге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан