УКМК тарабынан "Кумтөр" иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда. Бүгүн, 9-июнда президенттик аппарттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев жана экс-депутат Алмазбек Батырбеков кармалды.
Биринчи Май райондук сотунда жогорудагы адамдардын баш коргоо чарасы каралып, тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу чечими чыкты. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.