9-июндагы башкы жаңылыктардын бири президент Садыр Жапаров жана ал жетектеген делегациянын Түркияга болгон расмий иш сапары болду. Анда эки тараптуу кызматтыштык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Иш сапарга өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова дагы барып, Эмине Эрдоган менен жолугушту. Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын биринчи айымдарынын чогуу түшкөн сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Көпчүлүк сүрөткө "аял жакшы эр жакшы..." деген тема койсо, айрымдары биринчи айымдардын кийген кийимдерине баа беришти.
Сүрөттү Эмине Эрдоган Инстаграмдагы баракчасына (1 миллион катталуучусу бар) жүктөп: "Расмий иш сапары менен өлкөбүзгө келген Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованы кабыл алганыма кубанычтамын. Бул иш сапар өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдейт деп ишенем", - деп жазган.
Президент Садыр Жапаровдун өнөктөш өлкөгө болгон иш сапарындагы дагы бир көңүл бурдуруп, талкууга алынган сүрөттөдүн бири Режеп Тайип Эрдогандын кол чатыр көтөргөнү болду. Анда өлкө лидерлеринин расмий жолугушуу аземинде жамгыр жаап, Эрдоган килемден өткөн "коногун" кол чатыр менен калкалап басты.
Ошондой эле 9-июндагы иш сапар Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачуу менен жыйынтыкталды.