Президент Садыр Жапаров жана Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары Кыргыз өлкөсүнүн географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.
Сүрөт көргөзмөсү Түркия Республикасынын президентинин администрациясынын колдоосу менен Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.