"Ош базарындагы" соодагерлер жайма базарда соода кылгандарга каршы экендигин айтышты

Бүгүн, 10-июнда Бишкектин Ленин районуна караштуу "Ош базарынын" соодагерлери маалымат жыйын берип жатышат. Аталган жыйында мыйзамсыз жайма базарлар мыйзамдуу иштеп жаткан соодагерлерге тоскоолдук жаратып жатканы тууралуу маселе көтөрүлүүдө.

Ага ылайык "Кыял" соода түйүнүн соодагери, өзүн активист деп тааныштырган Ильмира Бечелова соода борбордун соодагерлери салыкты төлөп иштеп жатышса, аларга жайма базардын соодасы тоскоолдук жаратып жатканын айтып буларга токтолду.

"Ош базарда" мыйзамдуу иштеген соодагерлер көп. Алар бардык салыкты төлөп, алардын төлөгөн салыгы бюджетке түшүп анын эсебинен бир катар айлыктар төлөнүп жатат. Биз мыйзамдуу иштеп жатсак, алдыбызга жайма базар кылып туруп алып арзан сатышат. Аларга эч кимдин алы жетпейт. Мына канча жылдан бери алар менен түшүнбөстүктөр болуп келе жатат. Алар бизди ур-токмокко алып, өмүрүбүзгө коркунуч келтирип жатат.

Биз мыйзамдуу иштеген соодагерлердин үнүн ким угат? Мына базардын 4 чоң көчөсүн бүт жайма базар ээлеген, соодалары активдүү жүрөт. Алар мамлекеттин жолдорун бекер ээлегени аз келгенсип, жолдордон орундук сатып бизнес кылат. Айтып чыксак бизге кысым болот. Бизге тынчтык керек", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан