Ош шаарында Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын күндөрүн белгилөө иш-чарасы улантылууда. Анын алкагында миграция жана жумушка орноштуруу комитети менен Орусиядагы заводдордун өкүлчүлүктөрү жолугушуу уюштурулду. Жыйынтыгында 11 шаардык тургун аталган шаардын “Жылдыз” заводуна барып иштеп келүү үчүн мүмкүнчүлүк алышты. Мындан сырткары аталган шаардын миграция жана жумушка орноштуруу министрлигинин адиси Ольга Козлова шаардагы №16 кесиптик лицейдин жаштары менен жолугушту.