Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия падышалыгынын айыл чарба министри Фахад бин Абдуррахман бин Сулейман Бельгунаймды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия падышалыгынын айыл чарба министри Фахад бин Абдуррахман бин Сулейман Бельгунаймды кабыл алды. Бул тууралуу 24-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелер активдешип жаткандыгына канааттангандыгын билдирди. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө мамлекеттер аралык байланыштардын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Өз кезегинде Сауд Арабиянын айыл чарба министри анын сапары эки элдин ортосундагы айыл чарба тармагындагы мамилелерин өнүктүрүүгө багытталгандыгын айтты. Жолугушууга Сауд Арабия падышалыгынын Кыргызстандагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммед Аль-Жума катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан