Өлкөдө бензин жыл башынан бери канча пайызга өстү? Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде абал кандай?

2021-жылдын башынан тартып 1-июнга чейин Орусиянын өндүрүүчүлөрүнүн күйүүчү-майлоочу каражаттарынын эң популярдуу түрлөрүнө сатуу бааларынын көтөрүлүшү (транспорттук чыгымдарды кошкондо) төмөндөгүдөй:

- АИ-92 бензининин бир тоннасы 360 доллардан 670 долларга чейин - өсүш 86% түздү. Бул орто эсеп менен күйүүчү майдын 19,3 сомун түзөт;

- дизелдик отун үчүн: тоннасы 400 доллардан 600 долларга чейин - өсүш 50% түздү. Бул орто эсеп менен күйүүчү майдын 14,6 сомун түздү;

Нефть продуктуларына заводдук баалардын жигердүү өсүшүнө карабастан, жыл башынан бери өлкө аймагындагы май куюучу жайларында чекене баалардын иш жүзүндө өсүшү:

- АИ-92 бензининин орточо чекене баасы январь айындагы 35,7 сомдон ушул жылдын июнь айынын башында 50,4 сомго чейин өстү. Тактап айтканда, 14,7 сомго же 41 пайызга өстү;

- дизелдик отун - январда 36,1 сомдон ушул жылдын июнь айынын башында 46,1 сомго чейин. Башкача айтканда, 10 сомго же 28 пайызга;

2021-жылдын башынан бери нефтини кайра иштетүүчү заводдордун сатуу бааларынын жогорулашы мунай затына жана дүйнө жүзү боюнча мунай заттарына суроо-талаптын көбөйүшүнө байланыштуу.

Орусиядагы сатуу бааларынын жогорулашы жана ресурстардын чектелгендигине байланыштуу кыйын кырдаалга карабастан нефтетрейдерлер ассоциациясы республиканы үзгүлтүксүз күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоону жана социалдык багыттагы баа саясатын карманууну улантышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргыз өлкөсүнө 557,7 миң тонна мунай зат импорттолгон. Анын ичинен бензин - 336,7 миң тонна, дизелдик отун - 221 миң тонна.

Сиздер менен чогуу Кыргыз өлкөсүндөгү май куюучу жайлардагы бааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана жакынкы КМШ өлкөлөрүндөгү баалар менен салыштырмалуу талдап көрөлү:

Кыргыз өлкөсүндөгү май куюучу жайлардын учурдагы чекене баасы мурдагыдай эле ЕАЭБ жана Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу жакынкы КМШ өлкөлөрүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу өлкөлөрдүн арасында эң төмөн бойдон калууда. Бул өлкөлөргө салыштырмалуу баалардын айырмасы АИ-92 бензини үчүн орто эсеп менен литри 10 сом, ал эми жайкы дизелдик отун үчүн литри 16 сомдон ашат.

Мындан тышкары, Кыргыз өлкөсүнүн чекене баасы күйүүчү майдын көлөмү ташылып келген Орусиядагы чекене баалардан төмөн. Бул Орусиядан күйүүчү-майлоочу майларды пошлинасыз жеткирүүнүн аркасында мүмкүн болду. 2021-жылдын башынан бери пошлиналык жол менен жыйымдан үнөмдөө болжол менен 7 миллион 500 миң АКШ долларын түзгөн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан