Бишкектеги окуучу кыздын өлүмү. "Окуя болгон күнү камерага тартылып калган видеону эмнеге өчүрүп салышат" дейт апасы

Буга чейин 11-мартта Келечек конушунда №87 мектептин 5-классынын окуучусу мектептен ооруканага жетпей каза болгону кабарланган. Ошол учурда "кызыма биринчи медициналык жардам көрсөтүшсө, балким, тирүү калат беле" деп апасы нааразы болгон.

Буга байланыштуу бүгүн, 10-июнда кыздын апасы Ообагүл Идирисова, жактоочусу Адилет Султакаев, чоң атасы Искендер Идирисов катышты.

"Кызымдын өлүмүнөн кийин мектепке барып камерага түшүп калган видеону сурасам өчүп калганын билдиришти. Окуя болгон күндөгү мектепте тартылып калган видеотасмалар эмне үчүн өчүп калат. Эмнеге өчүрүп салышат, ак болсо ошону көрсөтүшпөйт беле?

Кызым майып эмес, буга чейин жеңил операция болуп жакшы болуп калган. Сотко чейинки өндүрүш ачылганы менен иш жүрбөй жатат. Менин айткан сөзүмдү бурмалап жатышат, мен эч качан ошол күнү кызымдын башы ооруп жатат анан дары бердим деген эмесмин. Биз мектепке кечигип келдик деген сөздү бурмалап жатышат окшойт. Менин талабым биринчи медициналык жардам көрсөтө албагандар жазасын алышсын", - деп билдирди апасы.

Маалымат үчүн:
11-мартта Бишкек шаарындагы №87 мектептин 5-классынын окуучу кызы каза болгон. Күндөгүдөй мектепке кеткен кызы кайра үйгө кайтпай калды деген эне "мектеп жетекчилиги кызым өзүн жаман сезип баштаганда биринчи жардам көрсөтүшсө, балким, аман калмак беле" деп нааразы болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан